БИШКЕК, 8-авг. — Sputnik. Тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев Германиянын элчиси Гудрун Мария Срэга менен жолугуп, учурдагы кызматташуу абалын талкуулашты.
Германиянын Кыргызстандагы элчиси Гудрун Мария Срэганынын дипломатиялык миссиясы аяктады.
Буга чейин Срэганы президент Алмазбек Атамбаев кабыл алып, анын элчи болуп турган мезгилинде мамлекеттеги демократиялык принциптерге негизделген башкаруунун жаңы системасын түзүү сыяктуу маанилүү өзгөрүүлөргө күбө болгондугун айткан. Аны менен бирге, кыргыз-герман кызматташтыгынын бекемделишине ар дайым түрткү берип келгендигин белгилеген.