Көк-Таш айылындагы кыргыз-тажик чек арасында чатактын кесепети. Сүрөттөр.
Көк-Таш айылындагы кыргыз-тажик чек арасында чатактын кесепети. Сүрөттөр.
Sputnik Кыргызстан
Баткен районундагы Көк-Таш айылынын жашоочулары окуя болгон жерде кыргызстандык жарандын үйү жана автоунаанын айнеги талкалангандыгын билдирди. 05.08.2015, Sputnik Кыргызстан
3-августта Баткен районунун Көк-Таш айылындагы кыргыз-тажик чек арасында чатак болуп, бир канча үйлөр талкаланып, кыргызстандык бир нече жарандар жаракат алган. Жаатташкан тараптар жергиликтүү бийликтин жана укук коргоо органдарынын түшүндүрүү иштеринен соң, түнкү саат 12лерден кийин тараган. Бирок экинчи күнү түшкө жуук кыргыз жана тажик жарандары кайрадан жаатташып, анын кесепетинен кыргызстандын үч жараны жаракат алган. Чатак учурунда ок атылган. Чек ара кызматы кыргыз чек арачылары ок чыгарбагандыгын расмий тастыктады.
Чатак Кыргызстан менен Тажикстандын жарандарынын ортосунда дүйшөмбү күнү, чек арада 3-августта чыккан. Түндө алар тарап кеткен. Бирок, экинчи күнү түшкө жуук кыргыз жана тажик жарандары кайрадан жаатташып, анын кесепетинен кыргызстандын үч жараны жаракат алган. Мамлекеттик чек ара кызматы, ал жерде от атылганын билдирген.
Кыргызстандын Мамлекеттик чек ара кызматы кыргыз чек арачылары ок чыгарбагандыгын расмий тастыктады, бирок, Тажикстандын аймагы тарабынан бир ирет ок чыгарылган.