БИШКЕК, 3-авг. — Sputnik. Чүй облусунун Кара-Балта шаарында "Toyota Estima" автоунаасынын дөңгөлөгү жарылып, аласалып жолдон чыгып кеткен. Жол кырсыгынын кесепетинен эки киши каза болгон. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, автоунаанын ичинде 10 адам бараткан. Анын ичинен 77 жаштагы Өзгөн районунун тургуну Мажит Камчиев кырсык болгон жерден каза болгон. Анын аялы 73 жаштагы Мейман Камчиева Жайыл районунун ооруканасынын реанимация бөлүмүнөн көз жумган.
Андан сырткары, 7 киши ооруканага жеткирилген. Алардын ичинде беш жаштагы кыз да бар.