БИШКЕК, 31-июль — Sputnik. "Чек арасыз балдар бакчасы" социалдык долбоорунун алкагында Ош шаарында мүмкүнчүлүгү чектелген жана дени сак балдар бирге боло турган, инклюзивдик деп аталуучу балдар аянтчасын курууга 2250 доллар чогултулган.
Балдар аянтчасына төрт селкинчек, эки чатырча, бир карусель орнотулат. Ошондой эле, майып балдар үчүн да атайын ойной турчу жерлер курулат. Жергиликтүү компаниялар арасында балдар аянтчасын куруу боюнча тендер жарыяланды.
Аянтча курула турган жерди тазалап, иретке келтирүүгө ыктыярчылар жардам беришти.
Керектүү сумма чогула элек болгондуктан, каражат чогултуу 30-августка чейин улантылат.
"Чек арасыз балдар бакчасы" долбоору социалдык долбоор болуп эсептелет. Анын максаты — Кыргызстандын бардык аймактарына ыктыярдуу акча чогултуу менен балдар аянтчаларын куруу. Бул долбоордун алкагында Бишкек, Каракол шаарларында жана Ленин айылында төрт балдар аянтчасы курулган.