Бишкек, 23-июль — Sputnik. Кара-Суу шаарындагы "Аc-Сарахси" мечитинин имамы Рошад Камаловдун соту күбөлөрдүн келбегендигине байланыштуу 28-июлга жылдырылды. Бул туурасында анын жактоочусу Назгүл Сүйүнбаева Sputnik маалымат сайтына билдирди.
"Күбөлөрдүн эч кимиси келбегендегине байланыштуу Кара-Суу райондук соту жараянды 28-июлга калтырды", — деди Сүйүнбаева.
Рошад Камаловду 10-февралда ИИМдин 10-башкы башкармалыгы эл арасында диний-экстремисттик уюмдун идеясын жайылтып жана Сирияга кетүүгө үндөп жүргөн деген шек менен кармаган.