БИШКЕК, 23-июль — Sputnik. Токмоктун мэрин кайрадан шайлоону Борбордук шайлоо комиссиясы 29-июлга белгиледи. Бул туурасында БШКнын маалымат кызматы билдирди.
Буга чейин аталган шаардын депутаттардын үчтөн эки бөлүгү чогулбай калгандыктан, шаар башчысын шайлоо болбой калган.
БШКнын маалымат кызматы Чүй облусундагы Токмок шаарынын мэрин шайлоо 2015-жылдын 29-июлунда саат 09-00дөн 12-00гө чейин өтөрүн маалымдады.