БИШКЕК, 23-июль — Sputnik. Арашан айыл аймагындагы "Электрик" дача участогу аркылуу өтүүчү Аламүдүн суусунун 40 метр жээги бекемделгенин ӨКМ билдирет.
Маалыматка ылайык, аймакта жашаган бир нече үй-бүлө өз үйлөрүн таштап кетишкен.
"Коргоочу дамбаларды орнотууну улантып жатабыз. Сууга жакын жайгашкан үйлөрдүн суу каптоо коркунучун алдын алуу үчүн анын үстүнө шагыл төгүлөт", — деп айтылат билдирүүдө.
Жээкти бекемдөө иштерин үчүн атайын жети техника тартылган.