БИШКЕК, 23-июль — Sputnik. Мамлекеттик энергетика компаниялары мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун карамагынан Энергетика жана өнөр жай министрлигине өтө турганын мекеме жетекчиси Кубанычбек Турдубаев билдирди.
Анын айтымында, 15-августтан тарта Энергетика министрлиги мамлекеттин үлүшү бар энергокомпаниялардын толук кандуу башкаруучусу болот.
"Башкаруу функциялары министрликке өткөрүлдү. Тийиштүү токтом өкмөт тарабынан кабыл алынды", — деди министр.
Турдубаев башкаруу энергетика министрлигине толугу менен өтөрүн кошумчалады. Холдингдин түзүлүшү бардык багыттагы абалды жакшыртууга жана координациялоого мүмкүнчүлүк берет.