БИШКЕК, 22-июль — Sputnik. Кипрде өтө турган кыска метраждуу тасмалардын эл аралык фестивалына Кыргызстандын атынан Чолпонай Бөрүбаеванын "Топурак" аттуу тасмасы катыша турганын Кинематография департаменти билдирет.
Маалыматка ылайык, фестиваль үстүбүздөгү жылдын 17-23-октябрь күндөрү Кипрдин Лемасол шаарында өтөт.
Төлөмүш Океев атындагы улуттук киностудияда тартылган "Топурак" тасмасы фестивалдын "Эл аралык сынак" программасына киргизилди.