БИШКЕК, 19-июль — Sputnik. Президент Алмазбек Атамбаев "Банк аманаттарын коргоо жөнүндө" мыйзамга киргизилген толуктоолорду колдоду. Тийиштүү мыйзамга өлкө башчысы кол койгонун президенттин маалымат кызматы билдирди.
Мыйзам депозиттерди коргоо системасын жакшыртууга багытталган жана депозиттерди коргоо системасынын түзүмдүк жана уюштуруучулук негиздерине байланыштуу оңдоолорду киргизүүнү көздөйт.
Ал Жогорку Кенеш тарабынан 2015-жылдын 17-июнунда кабыл алынган жана расмий жарыяланган соң 15 күндөн кийин күчүнө кирет.