БИШКЕК, 16-июль — Sputnik. Ысык-Атада болгон жол кырсыгынан жабыр тарткандар казакстандык жарандар экени аныкталганын Жол кайгуул кызматы билдирет.
Маалыматка ылайык, 15-июлда Бишкек-Торугарт унаа жолунун 33-чакырымында Гольф-2 жана Тойота-Авенсис үлгүсүндөгү автоунаа кагышкан. Кырсык кесепетинен эки унаанын айдоочусу жана Гольф-2 унаасынын үч жүргүнчүсү каза болгон.
Ал эми Тойота-Авенсис автоунаасынын жабыркаган жүргүнчүлөрү Казакстандын жарандары экени аныкталып, Ысык-Ата райондук ооруканасына жеткирилген.
Аталган жол кырсыгы боюнча бардык керектүү экспертиза дайындалып, материалдар Ысык-Ата РИИБна өткөрүлдү.