БИШКЕК, 16-июль — Sputnik. Чүй облусунун Ысык-Ата районунда "Тойота-Авенсис" менен "Гольф 2" сүзүшүп, беш адам каза болгонун ӨКМ маалымат кызматы кабарлайт.
Билдирүүгө ылайык, кырсык үстүбүздөгү жылдын 15-июль күнү саат эртең мененки 9.20да Бишкек-Торугарт унаа жолунун 33-чакырымында катталган.
Жол кырсыгынан эки адам ошол жерден, үч адам ооруканада каза болгон. Дагы сегиз жүргүнчү түрдүү жаракат алган.
Окуя болгон жерге Аламүдүн районунун куткаруучулары келип, каза болгон адамдардын жансыз денелерин жана жабыркагандарды унаанын ичинен чыгарышкан. Тез жардам унаасынын жардамы менен жабыркагандар Кант шаардык ооруканасына жеткирилген.