БИШКЕК, 15-июль — Sputnik. Өзгөн районунда "Мерседес Бенц Спринтер" менен Daewoo Tico кагышып, үч киши каза болуп, эки киши жаракат алганын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, жол кырсыгы Ош – Бишкек кан жолунун 605 чакырымында катталган. Daewoo Tico жеңил машинасынын ичинде беш киши болгон. Жол кырсыгынын кесепетинен үч киши каза болуп, алардын экөө машинанын ичине кыпчылып калган. Куткаруучулар алардын денелерин чыгарып, жолдо бараткан "Портер" үлгүсүндөгү автоунаага жүктөшүп, тез жардам кызматынын коштосу менен Өзгөн райондук аймактык оорукананын өлүк канасына жиберишкен.
Ал эми кичи автобустун айдоочусу жана жүргүнчүсү эч кандай жаракат алышкан эмес.