БИШКЕК, 15-июль — Sputnik. Бишкектин Элебесов көчөсүндө адамды коюп кетип, окуя болгон жерден качып кеткен айдоочунун кармалганын Жол кайгуул кызматы билдирет.
Маалыматка ылайык, кырсык үстүбүздөгү жылдын 10-июлунда болжол менен түшкү саат 12де болгон. Түштүк тарапты көздөй бара жаткан белгисиз унаанын айдоочусу жолдон өтүп бараткан адамды коюп, ал жерден качып кеткен. Алган жарааттарынан 55 жаштагы адам каза болгон.
Издөө иш-аракеттеринин натыйжасында жол кырсыгынын күнөөкөрү Ауди С-4 унаасынын айдоочусу 25 жаштагы жаран экени аныкталган.
Иликтөө иштери башталды.