БИШКЕК, 13-июль — Sputnik. Жакын арада "эмгек мигранты" деген сөз унутула турганын тегерек столдо Тянь-Шань аналитикалык борборунун илимий кызматкери Татьяна Злобина билдирди.
Эксперттин маалыматы боюнча ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин уюм алкагында иштеген жарандары бирдей укукка ээ болушат.
"Учурда ЕАЭБ алкагында пенсия топтомдорун чогултуу жана бөлүштүрүү менен алектене турган уюм аймагындагы бирдиктүү мекеме түзүү маселеси каралууда", — деди Злобина.
Илимий кызматкердин айтымында, ЕАЭБге кирүү документтеринин ратификацияланышы менен кыргызстандык мигранттардын абалы бир топ жакшырат: патент алуу жоюлуп, билим алуу жана саламаттык сактоо жеткиликтүү болот.
Кыргызстандын ЕАЭБге кирүүсүн уюмга мүчө мамлекеттердин парламенттери колдоого алды. Евразиялык экономикалык биримдикке кошулуу туурасындагы мамлекеттин ички процедураларын Кыргызстан 2015-жылдын 22-майында аяктаган.