БИШКЕК, 10-июль — Sputnik. Күндүн ысыгынан улам Баткен районундагы Төрт-Гүл айыл аймагында 9-июлда Сох дарыясындагы суусу көтөрүлүп, 100 гектардай күрүч талаасын жууп кеткенин Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы билдирди.
Мындан сырткары, Ош – Баткен – Исфана унаа жолунун 200-201-чакырымындагы көпүрөнү суу алып кетүү коркунучу жаралган.
Төрт-Гүл айыл аймагы тарабынан 1 экскаватор тартылып, Сох дарыясынын жээгин бекемделип жатат. Жарандык коргонуу комиссиясы келтирилген чыгымды эсептеп, иликтөө иштерин жүргүзүүдө.