БИШКЕК, 1-июль — Sputnik. Премьер-министр Темир Сариевдин төрагалыгы алдында 1-июлда Баңгизаттарды көзөмөлдөө боюнча Мамлекеттик кызматтында жыйын өтүп, мамлекеттик кызматтынын жогорку жетекчилеринин ортосундагы араздашуу кызматтын ишине терс таасирин тийгизгендигин айтты.
Сариев жыйында мамлекеттик кызматтын ишине байланыштуу арыз-даттануулар боюнча 2015-жылдын 25-июнунда мекемелер аралык комиссия түзүлүп, абалды иликтеп чыккандыгын билдирди. Иликтөө жыйынтыгына ылайык, өкмөттүн алдындагы баңгизаттарды көзөмөлдөө боюнча мамлекеттик кызматта оор кырдаал түзүлүп, органдын ишинин майнабы аз болгон.
"Эң башкысы, Баңгизаттарды көзөмөлдөө боюнча Мамлекеттик кызматтынын жогорку жетекчилеринин ортосундагы араздашуу кызматтан ишине терс таасирин тийгизген. Мамлекеттик орган жетекчиси менен орун басарлары биринин үстүнөн бири арызданганы менин практикамда биринчи жолу болуп отурат. Бул кызмат өлкөдөгү баңги заттарга каршы негизги координациялык мамлекеттик орган болгонуна карабастан, бул багытта эч кандай координациялык иштерди жүргүзгөн эмес", — деди Сариев.
Премьер-министр өкмөттүн алдындагы Баңгизаттарды көзөмөлдөө боюнча Мамлекеттик кызматынын төрагасы Алымбай Султановду өзү берген арыздын негизинде жана биринчи орун басары Гуламжан Анарбаевди, орун басарлар Кубанычбек Алымкулов жана жана Саламат Шыйкымбаевди иштен алды.
Аталган кызматтын төрагасы болуп буга чейин ИИМдин 10-Башкармалыгын жетектеп келген Рафик Мамбеталиев дайындалдды.