Россияда Улуу Ата Мекендик согуштун башталышынын 71 жылдыгына карата Белгисиз жоокердин мүрзөсүнө гүл коюу аземи болуп өттү.
Ереванда каршылык акциялары уланууда. Миңдеген адамдар көчөгө чыгып, электр энергиясынын баасын жогорулатуу боюнча комиссиянын чечимине каршылыгын билдирип жатышат. Мында жаңы тариф боюнча 1-августтан баштап бир киловатт-саат электр кубатынын баасы 6,93 драмга чейин көтөрүлмөк (1 арменян драмы 0.002114 долларга барабар).
Ал эми АКШда Чарльстон чиркөөсүндөгү массалык киши өлтүрүүдөн кийин расмий түрдө бир жыныстуу никеге уруксат берилди. Мунун урматына көпчүлүк өлкөлөрдө гей-парад өттү.
Ушул жана башка жаңылыктар Sputnik сүрөт куржунунда.

Батыш Африкада жайгашкан Кот-д’Ивуар мамлекетинин ири шаары Абиджандагы нөшөрлөгөн жаандын кесепети.

Италиянын Милан шаарынданы мырзалар модасынын жумалыгынан бир көрүнүш.

Президент Владимир Путин дүйшөмбү күнү Улуу Ата Мекендик согушта каза болгондорду эскерип, Москвадагы Александр багынан орун алган Белгисиз солдаттын мүрзөсүнүн жанындагы Түбөлүк отко гүл койду.

Петербургдук суучул Даниил Пахомов Европа оюндарында экинчи "алтынга" ээ болду.

Пакистандагы болуп көрбөгөндөй аптаптуу ысыктан көз жумгандардын саны 800дөн ашты. Өлгөндөрдүн көбү — жакыр кары адамдар.

Түштүк Каролинанын чиркөөсүндөгү кыргын. Белгисиз куралчан адам шаардын борборунда жайгашкан африкалык епископтук чиркөөдө ок чыгарып, натыйжада 9 адам өлгөн. Алардын арасында Түштүк Каролина штанынын сенат мүчөсү Клемента Пинкни пастору да бар.
Сүрөттө: Чарльстондо Клемента Пинкнини акыркы сапарга узатуу.
Сүрөттө: Чарльстондо Клемента Пинкнини акыркы сапарга узатуу.

Еревандагы Маршал Баграмян проспектисин бир канча күндөн бери электроэнергиясынын кымбатташына каршы чыккан демонстранттар тосуп турушат. Борбор калаага Армениянын башка шаарлары да кошулууда.

Басткетбол боюнча аялдар арасындагы Европа чемпионатынын финалдык оюну. Сербия менен Франция командаларынын беттешүүсүнөн сербиялык кыз-келиндер 76:68 эсеби менен жеңишке жетишип турган чагы. Оюн Будапештте 28-июнь күнү өттү.

АКШ Жогорку соту бир жыныстуу никелерди каттоого уруксат берди. Гомосексуалдык үй-бүлөлөр Американын Баш мыйзамына каршы келбейт имиш.

Кубанычтарын жашыра албаган гейлер мындай чечимдин урматына Нью-Йорктон 43-ирет параддан өтүштү. Маалыматтарга караганда, ага жарым миллионго жакын адам катышкан.

25-июнга караган түнү Сочиде катуу жаан башталып, күнү бою төккөн. Нөшөрдөн улам шаар райондорундагы жаан канализациялары суу көлөмүн көтөрө албагандыктан көчө-короолор, жолдор суу алдында калды. Адлер жана Хостин аймактарында өзгөчө кырдаал жарыяланды.

Бакуда алгачкы Европа оюндары аяктады. Жалпы командалык эсеп боюнча 79 алтын, 40 күмүш жана 45 коло медалга ээ болгон Россия жеңишке жетишти.

Falcon 9 ракетасы Эл аралык космос станциясына учуп чыгып, үч мүнөттөн кийин жарылып кетти.
Ракета станцияга 2 тонна жүк — азык-түлүк, илимий изилдөөлөр үчүн материал жана станцияны жаңылоо үчүн бекитүү түйүнүн алып бараткан.
Ракета станцияга 2 тонна жүк — азык-түлүк, илимий изилдөөлөр үчүн материал жана станцияны жаңылоо үчүн бекитүү түйүнүн алып бараткан.