БИШКЕК, 25-июнь — Sputnik. Жогорку Кеңештин төрагасынын тескемесине ылайык, 2015-жылдын 26-29-30-июнь күндөрү Жогорку Кеңештин кезексиз жыйындары өтөт. Бул туурасында парламенттин маалымат кызматы билдирди.
Асылбек Жээнбеков бүгүн, 24-июнда парламент жыйынында кезексиз жыйындарды чакыруу тууралуу чечим кабыл алганын, Координациялык кеңеште кезексиз жыйындардын күн тартибинин долбоорлору бекитилгенин билдирди.
Буга чейин ЖК өткөн аптанын жума күнү, 19-июнда кезексиз жыйынга чогулган.