БИШКЕК, 23-июнь — Sputnik. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тараткан шашылыш билдирүүгө ылайык, 24-27-июнь күндөрү Кыргызстан боюнча нөшөрлөгөн жаан жаашы күтүлүүдө.
Бул күндөрү абанын күндүзгү температурасы төмөндөйт. Мындай туруксуз аба ырайы айыл чарба иштерин, автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда мал кармоону кыйындатат.
24-27-июнь күндөрү күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачындарга байланыштуу республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүүсү жана дарыя сууларынын көрүлүүсү күтүлөт.