Нарын дарыясына жуунуп атып, чөгүп кеткен Таш-Көмүр шаарынын тургуну табылды

© пресс-служба МЧС КРКуткаруучулар чөгүп кеткен тургундун сөөгүн табышты.
Куткаруучулар чөгүп кеткен тургундун сөөгүн табышты. - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Куткаруучулар 26 жаштагы тургундун сөөгүн туугандарына өткөрүп берди.

БИШКЕК, 23-июнь — Sputnik. Нарын дарыясына жуунуп атып, сууга түшүп кеткен Таш-Көмүр шаарынын тургуну 26 жаштагы Садыралы уулу Айбектин сөөгү табылганын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 26 жаштага жаран Нарын дарыясынын "Золотой Бачок" участкасында жуунуп жатып, 22-июнда күндүзгү саат 3.00дөр чамасында чөгүп кеткен.

Ондон ашык суу куткаруучулары тартылып, алар маркумдун жансыз денесин суудан таап, сөөгүн туугандарына өткөрүп беришти.

Жаңылыктар түрмөгү
0