БИШКЕК, 19-июнь — Sputnik. Бакыт үйүнүн кызматкерлери менен эми жаңы телефон аркылуу байланышууга боло турганын Мамлекеттик каттоо кызматы билдирди.
Борбордук ЗАГС 8-июнь күнү капиталдык ремонтко жабылган. Оңдоп-түзөө иштери 28 жылдан бери биринчи жолу өткөрүлүп жатат. Буга чейин нике каттоо "Дасмия" этно-комплексинде жүргүзүлөрү кабарланган.
Маалыматка ылайык, учурда жарандар үчүн атайы телефон зымдары өткөрүлдү. Эми нике каттоо жана арыз тапшыруу маселелери боюнча жашоочулар 0312-530-499 телефону аркылуу байланыша алат.