Өлкөнүн саясий процесстеринде жарандык коомдун катышуусу боюнча форум өтөт

© AFP / VYACHESLAV OSELEDKOКыргызстандын желеги. Архив
Кыргызстандын желеги. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Иш-чарада парламенттик шайлоо, конституцияга өзгөртүү киргизүү, ар тармакта реформалардын зарылчылыгы сыяктуу маселелерди чечүүдө жарандык коомдун катышуусу каралат.

БИШКЕК, 19-июнь — Sputnik. "Бизге баары бир эмес!" деп аталган форумга катышкан жарандык коом мамлекетти өнүктүрүү үчүн коомдук-саясий процесстерге жарандарды тартууну күчөтүүнүн жол-жоболорун иштеп чыгуу маселесин талкуулайт. Бул туурасында иш-чаранын уюштуруучулары билдирди.

Маалыматка ылайык, форумда "Өз өлкөсүнүн жараны" сынагынын жыйынтыгы жарыяланып, парламенттик шайлоо, конституцияга өзгөртүү киргизүү, ар тармакта реформалардын зарылчылыгы каралат. 

Форум 2015-жылдын 23-24-июнунда "Жанат" мейманканасында өтөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0