БИШКЕК, 11-июнь — Sputnik. Мамлекеттик кадрлар кызматынын статс-катчысы Бакытбек Сагынбаевге мекемени убактылуу жетектөө милдеттендирилгенин президенттин маалымат кызматы билдирет.
Мекеменин мурунку жетекчиси Аалы Карашев 18-майда өз каалоосу менен кызматынан кетүү жөнүндө арыз жазган.
Бейшемби күнү президент Сагынбаевди Мамлеклеттик кадрлар кызматынын директорунун милдетин убактылуу аткаруучу кылып дайындоо жөнүндө жарлыкка кол койду.