Аалы Карашев ээлеген ордунан бошотулду

© Sputnik / Владимир Федоренко / Медиабанкка өтүүПортфель. Архив
Портфель. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Тийиштүү буйрукка өлкө башчысы Алмазбек Атамбаев кол койду.

БИШКЕК, 18-май — Sputnik. Мамлекеттик кадрлар кызматынын директору Аалы Карашевдин ээлеген кызматынан өз ыктыяры менен кетүү боюнча жазган арызын өлкө башчысы канааттандырганын президенттин маалымат кызматы билдирди.

Карашев бул кызматты 2012-жылдын сентябрь айынын бери ээлеп келген. Буга чейин ал Өмүрбек Бабанов премьер-министр болуп турганда биринчи вице-премьер-министрлик кызматын аткарган.

Жаңылыктар түрмөгү
0