БИШКЕК, 11-июнь — Sputnik. Бөтөлкөлөшүн балка менен башка чаап өлтүргөн жаран Бишкек шаардык милициясы тарабынан колго түшкөнүн мекеменин маалымат кызматы билдирди.
6-майда ооруканага башынан жаракат алган жаран түшүп, ал эсине келбей каза болгон. телефонго жооп бербеген аласына санааркап келген атасы аны үйүндө эс-учун билбей жаткан жеринен тапкан. Дарбазанын эшиги жабык болгондуктан, ал коңшулары менен чогуу кирип, короодо жаткан баласын көргөн. Милиция менен "тез жардам" кызматы чакырылып, жарадар болгон киши эсине келбей, ооруканага баратканда каза болгон.
Аталган факты боюнча Бишкек шаарынын Свердлов райондук милициясы Кылмыш жаза кодексинин адам өлтүрүү беренеси боюнча кылмыш ишин козгогон.
Ыкчам иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө киши өлтүрүүгө шектүү деп 34 жаштагы жаран кармалды. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.