БИШКЕК, 11-июнь — Sputnik. Кашкардан келе жаткан кытай ишкерлерин тоногондугу үчүн издөөгө алынган уюшкан кылмыштуу топтун (УКТ) мүчөсү 1982-жылы туулган Медер аттуу жаран кармалды. Бул туурасында Бишкек ИИББдин Уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү башкармалыгынын маалымат кызматы билдирди.
Кармалган жаран 2009-жылдын ноябрь айында Кытайдын Кашкар шаарынан Ош облусунун "Кара-Суу" базарына келе жаткан ишкерлердин автобусуна кол салып төнөп кеткендиги үчүн издөөгө алынган болчу.
Уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү Ош облусунун убактылуу кармоо жайына камакка алуу үчүн жөнөтүлгөн.