БИШКЕК, 5-июнь — Sputnik. Геннадий Милицкий Бишкек шаарынын вице-мэринин милдетин аткаруучу болуп дайындалганын муниципалитеттин маалымат кызматы билдирди.
Тийиштүү буйрукка шаар мэри Кубанычбек Кулматов кол койду.
Милицкий сынак жарыяланганга чейин унаа маселелери боюнча вице-мэрдин милдетин аткарып турат.
Ал 2012-жылдан тарта Бишкек троллейбус башкармалыгын жетектеп келген. Милицкий өткөн жылдын ноябрь айында өз каалоосу менен кызматтан кеткен Олег Попиковдун ордуна барды.