00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
4 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
4 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
6 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Экономикалык панорама
19:05
42 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
4 мин
Жаңылыктар
11:01
4 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
8 мин
Личный интерес
Где сдать анализы и зачем нужна прививка: гид по туберкулёзу к 24 марта
16:09
42 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
7 мин
Көз мончок
КРда ажырашуулардын рекорддук көрсөткүчү: никенин бузулушу экономиканы кандай кыйынчылыкка кептейт?
17:09
47 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
+24% дел о насилии в КР: почему женщины перестали терпеть и начали заявлять
18:07
47 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
6 мин
Туяк
Жусуп Баласагын Х кылымда эле азыркы илимий көрүнүштөрдү айтып койгон философ
19:07
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Об экономике и не только
Энергетическая ловушка: почему дешевый свет обходится Кыргызстану слишком дорого
20:06
46 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
7 мин
Ачык кеп
Жүрөк оорулары улгайгандарда эмес жаштарда көп кездешип жатат
21:08
45 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Кулов: шайлоонун күнү түрдүү себептер менен жылдырылды

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевПарламенттик көпчүлүк коалициянын лидери Феликс Кулов. Архив
Парламенттик көпчүлүк коалициянын лидери Феликс Кулов. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Шайлоо күнүн 4-октябрга аныктоодо Конституция расмий бузулган болот, себеби депутаттар өз мөөнөтүнүн акырына чейин иштебей калат деп эсептейт коалициянын лидери.

БИШКЕК, 4-июнь — Sputnik. Парламенттик шайлоону өткөрүү күнүн белгилөөдө мыйзамга таяныш керектигин парламенттик көпчүлүк коалициянын лидери Феликс Кулов билдирди.

Мурдараак Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Туйгунаалы Абдраимов парламенттик шайлоону 24-октябрга аныктоону сунуштаган. Ал алдыдагы парламенттик шайлоо күнү туура белгиленгендиги боюнча түрдүү пикирлер болупп жатканын айтты.

"Мурунку шайлоо өткөн 10-октябрь эсептин башы деп алынышы керекпи же шайлоонун жыйынтыктары жарыяланган 10-ноябрь эсеп башы болобу? Шайлоо күнүн тандоодо түрдүү пикирлер болгондуктан, бул маселе парламентте талкууланышы керек", — деди Кулов.

Кыргызстанда шайлоо. Архив - Sputnik Кыргызстан
БШК жетекчиси парламенттик шайлоону 24-октябрга белгилөөнү сунуштап жатат
Мыйзамга ылайык, шайлоо парламенттин иш мөөнөтү аяктай турган айдын биринчи жекшембисинде өтөт. Бирок түрдүү пикирлер бар: бири октярбь айында эл талаа иштеринен бошобойт, түшүм жыйып, күздүк себүү убагында дыйкандарды алагды кылбаш керек десе, башкалары 4-ноябрды шайлоо күнү деп белгилеп алсак, улам кийинки шайлоолор болжол менен жарым айга алдыга жылат деп айтып жатышканын белгиледи саясатчы.

Шайлоо күнүн 4-октябрга белгилөөдө Конституция расмий бузулган болот, себеби депутаттар өз мөөнөтүнүн акырына чейин иштебей калат деп эсептейт коалициянын лидери.

"Кайсы вариант үстөмдүк кылып кетери азырынча белгисиз. Бирок 4-октябрь болору күмөндүү деп эсептейм, себеби бир жагдай бар, жана шайлоо күнүн жөн гана эсептеп чыгуудан башка бул суроонун саясий жактарын да эске алыш керек", — деди Кулов.

Кулов: Баш мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү шайлоочулардын каалоосу болду
Анын айтымында, өкмөт шайлоо күнү катары айдын биринчи эмес, акыркы жекшембисин мыйзамга киргизүү сунушу менен парламентке кайрылуу даярдоодо. Себеби алар октябрда шайлоого даярданып, аны өткөрүүгө жетишпей жатышат. Сентябрда электрондук добуш берүү үчүн атайын техникалар келет. Аларды орнотуп, жөндөштүрүп, сынап көрүп жана эки миңден ашык шайлоо добуш берүүчү жайларда иштегендерди техниканы пайдаланганга үйрөтүш керек.

"Мунун баарын жасаганга убакыт жетишсиз, дал ушул жагдай шайлоо күнүн кийинкиге жылдыруунун башкы себеби. Алар бул күндү октябрдын акырына жылдырууну сурашат, бирок, эгер техника эртерээк келип калса, бул тоскоолдук чечилген болот. Кайсы күн белгиленсе да, айырмасы жок, бирок мен үчүн 4-октябрь болгону артык, себеби канчалык эрте болсо, ошончолук жакшы да", — деп кошумчалады көпчүлүк коалициянын башчысы.

Быйыл парламенттин VI чакырылышынын депутаттарын шайлоо болот, бирок президент да, Жогорку Кеңеш да, БШК да азырынча шайлоонун так күнүн расмий белгилей элек.

Жаңылыктар түрмөгү
0