Кудряшов: Улуу Ата Мекендик согуштун тарыхын бурмалоого жол бербөө керек

© Sputnik / Михаил РогожинРФтин Башкы консулу Александр Кудряшов. Архив
РФтин Башкы консулу Александр Кудряшов. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Россия менен Кыргызстандын окумуштуу-тарыхчылар, эксперттери Ошто боордош эки элдин жалпы тарыхындагы эсте каларлык мезгилдерди талкуулашты.

БИШКЕК, 28-май — Sputnik. РФтин Башкы консулу Александр Кудряшов Улуу Ата мекендик согуштун тарыхын бурмалоого жол бербөө керектигине токтолду деп билдирет координатор Станислав Полищук.

Ошто 2015-жылдын 25-27-майында кыргыз-россиялык өз ара мамилелердин тарыхына арналган иш-чаралар: тегерек стол, студенттик конференция, орто мектептин тарых мугалимдери үчүн илимий-практикалык семинар өттү.

Кыргызстан менен Россиянын желеги. Архивное фото - Sputnik Кыргызстан
Ошто Кыргызстан жана Россия элдеринин тарыхы талкууланат
Иш-чараны "Единство" коомдук фонду Мырсабеков атындагы Ош гуманитардык-педагогикалык институт, ОМПИ жана Арабаев атындагы МПУ менен биргеликте РФтин Оштогу Башкы консулдугунун колдоосу астында уюштурду.

Россия менен Кыргызстандын окумуштуу-тарыхчылары, эксперттери, саясат таануучулары, эки өлкөнүн коомдук уюмдарынын өкүлдөрү, тарыхый фактыларга жана документтерге таянуу менен, тарыхый процесстин жакшы жактарын талкуулашты.

XX-XXI кылымдарда кыргыз-россиялык өнөр жай, айыл чарба, маданият, саламаттык сактоо тармагындагы өз ара мамилелеринин калыптануу, өнүгүү жана бекемдөө маселелери, ошондой эле россиялык окумушуулардын Кыргызстанды изилдөөдөгү кошкон салымы, азыркы коомдогу социалдык, гуманитардык жана педагогикалык ролу боюнча маселелер козголду. 

РФтин Башкы консулу Кудряшов бул иш-чараларда тарыхты бурмалоо аракетин көрүп жаткан күчтөргө каршы туруу боюнча көз караштарды талдап, аларды иштеп чыгууга талаптагыдаq көңүл бурулганын белгиледи.

"Тарыхый фактыларды өзгөртүү биздин өлкөлөр менен элдерди чатакташтырып, бөлүп-жарып жана шек саноолордун жаратат", — деди Кудряшов. 

Ата мекендик согуштун тарыхынын бурмаланышын Борбор Азия элчилери талкуулап жатат - Sputnik Кыргызстан
Ата мекендик согуштун тарыхынын бурмаланышын Борбор Азия элчилери талкуулап жатат
Дипломат Россия менен Кыргызстан бири-биринен ажырагыс бүтүндүктү түзүп турушу кызматташтыкты бекемдөөнүн пайдубалын кармап турарын белгиледи. 

Эки мамлекеттин тарыхчылары менен эксперттери эки бордош элдин жалпы тарыхындагы эске тутарлык мезгилдерди талкуулашты.

ОМПИнин Тарых кафедрасынын башчысы, философия илимдеринин кандидаты, доцент Роза Шарипова өз сөзүндө Улуу Ата мекендик согуштагы жеңиш — жалпы жеңиш экенин баса белгиледи.

"Бул Улуу жеңиш үчүн биздин аталарыбыз кандай курмандыкка барганы улам унутулуп баратат", — дейт окумуштуу.

Анын маалыматына караганда, Советтик Кыргызстандан фронтко 365 000 адам чакырылып, анын ичинен Советтер Союзунун Баатыры наамын 77 жоокер алган. 28 баатыр-панфиловчулардын катарында 5 кыргызстандык жоокер болгон.

Ат жетелеген киши тоодо. Архив - Sputnik Кыргызстан
Атамбаев Үркүндүн 100 жылдыгына карата Жарлык чыгарды
Согуш учурунда Коргоо фонду 189 миң рубль чогултуп, Кызыл аскерлер үчүн 196 вагон белек жөнөткөн. Кыргызстандын эмгекчилеринин каражатына "Кыргызстан колхозчусу" танкалык колонна "Советтик Кыргызстан" эскадрильясы жана "Күнөстүү Кыргызстан" авиаэскадрильясы курулган.

Тоо-кен өнөр жайы аскердик-өнөр жай комплексин жогорку сапаттагы болот чыгарууга зарыл болгон вольфрам концентраты, сымап, коргошун жана сурма менен, ал эми бүтүндөй Орто Азияны кыргыз жергесинде казылып алынуучу көмүр менен үзгүлтүксүз камсыз кылган.

"Кыргызда "Тили эле эмес, дили жакындар бири-бирин жакшы түшүнөт" деген кеп бар, ошондуктан биз бул иш-чаралар эки өлкөнүн мындан аркы өз ара аракеттешүүсүнө салымын кошот деген ниеттебиз", — деди Шарипова.

"Единствонун" аткаруучу директоруу Олег Серницкий кыргыз-россиялык өз ара мамилелердин тарыхында жакшы баракчалар көп, муну айрыкча, Улуу Ата мекендик согуш мезгили жана андан кийинки өлкөнү кайра калыбына келтирүү жылдары баса көрсөтөрүн белгиледи. 

"Болор-болбос саясий кызыкчылыктары үчүн тарыхты кайра жазуу аракеттерине бөгөт коюуда биздин оюбуз бир. Бизде унутууга болбой турган баалуулуктар бар!" — деди Серницкий. 

Үстүдөгү жылды февралында Бишкекте Арабаев атындагы МПУда Кыргызстан менен Россиянын окумуштуу-тарыхчылары жана эксперттери Кыргызстан Россиянын курамына кирген мезгилде жана согуштан кийинки жылдардагы эки өлкөнүн өз ара мамилелеринин тарыхындагы олуттуу мезгилдерди талкуулашкан.

Жаңылыктар түрмөгү
0