БИШКЕК, 27-май — Sputnik. Жогорку Кеңештин жыйынында Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын Байкоочу кеңешинин жылдык отчету каралып, анда КТРКнын иши жакшыртууга байланыштуу тапшырмалар белгиленди.
КТРКнын Байкоочу кеңешинин төрагасы Абды Сатаров аталган кеңеш ар бир отурумунда КТРКнын программалардын сапатын жакшыртуу, санарипке өтүүдө жабдууларды жаңылоо максатында редакциялык саясат, контент, менеджмент маселелери талкууланып тиешелүү сунуштар КТРК жетекчилигине берилип келгендигин билдирди.
Депутат Таалайбек Ибраев КТРКдан энергетика маселелери боюнча берүүлөр кыш алдында гана байма-бай берилерин, калган мезгилдерде энергетика көйгөйү анчейин чагылдырылбай жатканын сынга алды. Депутат Айнуру Алтыбаева КТРКнын журналисттеринин квалификациясын кантип жогорулатып жаткандыгы боюнча сурады.
Байкоочу кеңешинин төрагасы Сатаров жакында жаңылыктар кызматы күнү-түнү иштөө форматына өтө тургандыгын кабарлап, чет элдик ЖМКларга эфир берүүдө мамлекеттин коопсуздук маселеси эске алынышы керек деген пикирин айтты.
"Чет элдик жалпыга маалымдоо каражаттары мамлекеттин коопсуздугуна зыян келтирбесе, ага эфирден убакыт бериши керек, бирок, КТРК биринчи кезекте өзүнүн программаларын прайм-таймга коюшу зарыл. Мен аларга каршы болгон жокмун, эгерде башка мамлекеттерин ЖМКлары маалымат коопсуздугун жаратса анда ал, мамлекеттин саясатына киришүү менен барабар деген ойду айттым. Алардын программаларынын контентин, келишимдерди кайрадан КТРК карап чыгышы зарыл жана бул үчүн ошол ЖМКларга да убакыт берүү керек", — деди Сатаров Sputnik маалымат сайтына.
Депутаттар тарабынан КТРКда агро ТВ ачуу, "Ала-Тоо" жаңылыктар топтомунан региондордогу жаңылыктардан, билим, илим, таанып-билүү темаларынан көбүрөөк берүү боюнча сунуштар айтылды.