БИШКЕК, 15-май — Sputnik. Эл аралык үй-бүлө күнү – 15-майда Бишкек шаарындагы Бакыт үйүндө 15 жубай расмий түрдө каттоого алына турганын аталган жайдын бөлүм башчысы Гүлжан Атанаева билдирди.
Жыл сайын 15-май дүйнө жүзүндө Эл аралык үй-бүлө күнү катары белгиленип келет. Расмий түрдө бул күндү белгилөө Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы Ассамблеясы тарабынан 1993-жылдын сентябрындагы Эл аралык үй-бүлө жылы резолюциясында кабыл алынган. Бул күн алгач ирет 1994-жылы белгиленген.
Атанаеванын айтымында, жыл башынан бери 1050 түгөй өз мамилелерин расмий түрдө каттатышкан.
"Эл аралык үй-бүлө күнүндө 15 бактылуу түгөй өз мамилелерин үй-бүлө катары каттатышат", — деди ал.
Атанаева, ошондой эле, жубайлар жай жана күз айларында көп никеге турарын кошумчалады.
Жыл сайын бул күнү БУУнын Башкы ассамблеясынын Эл аралык үй-бүлө күнүнө карата кайрылуусу жарыяланат.