00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:00
4 мин
Ежедневные новости
14:01
4 мин
Жаңылыктар
15:00
4 мин
Ежедневные новости
16:00
4 мин
Жаңылыктар
17:00
5 мин
Ежедневные новости
18:00
6 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:00
4 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:00
4 мин
Ежедневные новости
16:00
4 мин
Жаңылыктар
17:00
5 мин
Ежедневные новости
18:00
5 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Ош аэропортунан 5,7 млн. доллар уурдагандар Казакстанда жана Россияда кармалды

Жазылуу
КРдин күч органдары Ош шаарынын аэропортунда болгон кол салууга катышкан жети адамды кармады.

БИШКЕК, 14-май — Sputnik. Ош аэропортунда кол салуу менен 5 миллиондон ашык долларды уурдап кетүүгө катышкандар Казакстанда жана Россияда кармалганын Кыргызстандын Ички иштер министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Милиция Ош аэропортунан 5 млн долларды жана адам уурдагандарды издөөгө көмөктөшүүгө чакырат
2014-жылы декабрда Ош аэропортунун VIP-залынын жанынан белгисиз адамдар өзүлөрүн атайын даярдыктагы топтун кызматкерлерибиз деп атап, "Асман-Тур" турфирмасынын директорун беш сумка акчасы менен кошо уурдап кетишкен. Ош облусунун Ички иштер башкармалыгы сумкаларда 5 миллион 679 миң доллар бар экенин аныкташкан. 

Бул факт боюнча кылмыш иши козголуп, ыкчам териштирүү иштеринин жүрүшүндө ИИМдин Уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү башкы башкармалыгынын кызматкерлери аталган кылмышка тиешеси бар жети адамды кармашты.

Шектүү адамдар аныкталып, Кызыл-Кыя шаарынын тургунунун үйүн тинтүү учурунда, анын чатырынан АКМ жана АКС-74 автоматтары, магазиндери жана 50 огу менен кошо, ошондой эле номери өчүрүлгөн Макаров пистолети табылган. Андан тышкары, кол салууну уюштуруучу жана ага катышкандар аныкталган. Иш-чаралардын жүрүшүндө күч кызматкерлери кылмыштын төрт катышуучусун кармаган. Алардын үчөө Кызыл-Кыя шаарынын тургундары, дагы бирөө аталган шаарда жашап жүргөн Казакстандын жараны болуп чыкты. 

Кармалгандардан 935 миң доллар жана 3,3 миң евро табылган. 

Акча купюралары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Түптүн аскер комиссариаты альтернативалык кызмат үчүн төлөнгөн акчаны ээлеп алышкан
Андан аркы биргелешкен ыкчам иликтөө иштеринин жүрүшүндө Казакстандын аймагынан кылмыштын дагы эки катышуучусу — казакстандык жарандар, Акмола областына караштуу Степногорск шаарынын жана Караганда областына караштуу Сарани шаарынын тургундары кармалды. 

Кылмыштын жетинчи катышуучусу Омск шаарында (Россия) колго түшүрүлдү. Азыр ал Омсктун убактылуу кармоочу жайында жатат жана аны КРге алып келүү маселеси чечилүүдө.

Аталган кылмыш иши боюнча ыкчам издөө жана тергөө иштери улантылып жатканы ИММдин маалыматында айтылат.

Жаңылыктар түрмөгү
0