00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
4 мин
Ежедневные новости
14:01
4 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
6 мин
Об экономике и не только с Кубатом Рахимовым
20:06
44 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
3 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
7 мин
Особый акцент
Геополитика и ценности: почему западные нарративы в Евразии приводят к росту национализма — беседа с экспертом из Минска
14:08
54 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Ачык кеп
Кыргызстанда аялдардын репродуктивдик ден соолугунун абалы кандай?
15:05
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Личный интерес
Цифровизация в каждом предмете или как в АГУПКР готовят современных управленцев
16:04
41 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Экономикалык панорама
Жогорку окуу жайлар эми илимди өндүрүшкө чыгара алабы? Жарлыктын келечеги
17:04
39 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
Как изменилась роль местных властей за 35 лет независимости Кыргызстана
18:07
38 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Кеменгер
Вермахтын аскерлери “II фронт деп корккон партизандар”: Дүйнөлүк II согуштагы каршылык көрсөтүү кыймылдары
19:06
43 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Личный интерес
«КАСКО Эконом»: сколько стоит защитить машину от ДТП в 2026 году
20:06
40 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Кыргызстанда аялдардын репродуктивдик ден соолугунун абалы кандай?
21:05
44 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Кыргызстандыктын Кызыл Жылдыз ордени 70 жылдан кийин табылды

© Sputnik / Табылды КадырбековСогуш ардагери Каратай Үмөтов. Архив
Согуш ардагери Каратай Үмөтов. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кызыл Жылдыз ордени согуш мезгилинде Советтер Союзунун баатыры наамына тең болчу дейт согуш ардагеринин уулу, атасына сыйлык ыйгарылышы керектигин тастыктоочу документтерди тапкан Марат Үмөтов.

БИШКЕК, 8-май — Sputnik. Ардагердин уулу Марат Үмөтов Россиянын сайттарынын биринен атасы Каратай Үмөтовго Берлинди алгандык үчүн Кызыл Жылдыз ордени берлиши керектигин ырастаган документтерди кокус таап алган.

Бишкек шаардык троллейбус башкармалыгынын жетекчисинин орун басары болуп иштөөчү Марат Үмөтов Sputnik сайтынын кабарчысына билдиргендей, анын атасы аскер кызматына 1939-жылы чакырылган экен. Биринчи жолу Каратай Үмөтов Орёл шаарынын алдында жарадар болуп, 1945-жылдын 16-апрелинде ал Берлиндин алдында оор жаракат алган.

Ардагердин уулу орден жөнүндө жаңылык бүтүндөй үй-бүлөсү үчүн күтүүсүз болгонун айтат.

"Бизге бул укмуш жаңылык болду! Кызыл Жылдыз ордени деген эмне! Болгондо да согуш мезгилинде. Ал Советтер Союзунун баатыры наамына барабар. Мен ини-карындаштарыма биз баатырдын балдары экенбиз дедим", — дейт Үмөтов.

Президент согуштун ардагерлерине юбилейлик медалдарды тапшырды
Ал мурдараак келинин интернеттен атасы жөнүндө маалымат издеп көрүүнү суранганын айтат. Россиянын podvignaroda.ru сайтында атасы Каратай Үмөтовго Кызыл Жылдыз орденин берүү жөнүндө 1945-жылдагы документтин сканерге түшүрүлгөн көчүрмөсү табылды дейт Үмөтов.

Уулунун айтымында, Каратай Үмөтов өзүнө берилген сыйлык жөнүндө билген эмес. Бала кезинде атасынан согуш тууралуу сурап калганда, ардагер уулуна бул жөнүндө кеп кылбаган жакшы деп жооп берчү. 

Марат Үмөтов азырынча бул маселе жагынан калыстыкка жетише электигин айтты. Коргоо министрлигине чалса, Каратай Үмөтовго орден берилиши керектигин ырастаган бардык документтерди алып келүүнү сурашкан. 

"Менин бутум баспайт десем, мага: "Анда бирөөнөн берип жибериңиз" деп телефонду таштап коюшту. Аябай кубанып алган мен ушундай кайдыгерликке туш болдум. Биз чын эле ушунча таш боор болуп калдыкпы?" — деп суроо берет Үмөтов.

Ал дагы "жакында эле" каза болгон апасы ушул күнгө жетпей калганына өкүнөт.

Кыргызстандын Башкы штабынын маалымат катчысы Гүлзат Жарашева Sputnik сайтынын кабарчысы менен маегинде аталган сыйлыкты табууга жардам кылууга ведомство даяр экенин белгиледи. 

"Эгер расмий сурам келсе, биз колубуздан келген жардамды беребиз, ал Улуу Ата мекендик согуштун ардагери эмеспи. Туугандары ал орденди алууга толук укуктуу. Албетте, биз тараптан талап кылына турган бардык чараларды көрөбүз. Бул жөнүндө кеп да болбошу керек", — деп баса белгиледи Жарашева.

Ош шаарында согуштун ардагерлерине баткенчилер медаль тагышты
Каратай Үмөтов 1992-жылы 72 жаш курагында каза болгон. Улуу Ата мекендик согуш мезгилинде ал 32-бригаданын 132-артиллериялык полкунда мээлөөчү болуп кызмат кылган. Согуш мезгилинде эки жолу жарадар болгон. 1986-жылы ардагер I даражадагы Улуу Ата мекендик согуш ордени менен сыйланган.

Кызыл Жылдыз ордени согуш жана тынчтык мезгилинде СССРди коргоо, мамлекеттик коопсуздукту камсыз кылуу ишиндеги чоң эмгеги үчүн сыйлык катары түзүлгөн. 

Бардыгы болуп Советтер Союзунун баатыры наамына 76 кыргызстандык татыктуу болгон. Башка сыйлыктар менен Советтик Кыргызстанын 10 миңден ашуун тургуну сыйланган.

Жаңылыктар түрмөгү
0