БИШКЕК, 29-апр. — Sputnik. Панфилов районунда катталган жол кырсыгы эки кишинин өмүрүн алып кеткендигин ИИМдин Жол-кайгуул кызматынын маалымат кызматы билдирди.
28-апрель күнү болжол менен түнкү саат он экилер чамасында 21 жаштагы Жаныш "Тойота Ипсум" автомашинасы менен Кайыңды шаарынан Эмгек көчөсү аркылуу келе жатып, рулду башкара албай, машина ала салып кеткен.
Жол кырсыктын кесепетинен машинанын ичиндеги эки жүргүнчү 21 жаштагы Саламат менен 17 жаштагы Адилет кырсык болгон жерден каза болгон. Ал эми айдоочу жана беш жүргүнчү түрдүү жаракаттары менен ооруканага кайрылышкан.
Бардык материалдар тергөө бөлүмүнө берилген.