БИШКЕК, 28-апр. — Sputnik. Көпчүлүк эксперттер премьер-министр болот деп болжоп жаткан Темир Сариев, бул орунду парламенттик шайлоодон кийин да ээлеши мүмкүн деп эсептейт саясат таануучу Тамерлан Ибраимов.
Азыр экономика министрлигин жетектеп жаткан Сариевди Ибраимов премьерликке баарынан ылайыктуу талапкер деп эсептейт.
"Экономика министри катары ал ушул маселелердин баарын башкарып келген. Менин айтканым ЕАЭБге кирүү жөнүндө, бул процесстер кантип өткөнүн, мындан ары кандай болорун ал жакшы билет", — дейт саясат таануучу.
Ошондой эле "кыска мөөнөттүү техникалык" өкмөткө жүктөлө турган Кумтөр, энергетика маселелери да Сариевге жакшы маалым экенин белгиледи эксперт.
Сариевдин эң жакшы жагы деп саясат таануучу анын эч кимдин таламдашы болбой өзүн орток кармашын атайт. Эксперт айткандай, "бул адам оңчулдарга да, солчулдарга да жагат. Ошон үчүн парламентте чоң талаш жаратпайт".
Премьерликке келе турган болсо, Сариевдин саясий келечеги канчалык кең, себеби 2015-жылдын күзүндө жаңы парламент шайлангандан кийин өкмөттүн жаңы курамы түзүлөт да деген суроого саясат таануучу баары Сариевдин өзүнө жараша болот деп жооп берди.
"Ал өзүн чыныгы жакшы башкаруучу катары көрсөтө алса, келчекте парламенттик көпчүлүк аны премьерликке сунуш кылышы толук мүмкүн", — деген оюн айтты Ибраимов.
Өкмөт башчысы болгон учурда Сариевдин саясий келечеги болбойт деп айтуу туура эмес деген пикирин коошумчалады ал.