00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
4 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
4 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 08:00
08:00
5 мин
Будь в курсе
Как незаметно приучить ребенка к брокколи и моркови по советам педиатров
08:05
50 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Күн башат
Жеңүүчүлөр Россияга барат — өлкөнүн күчтүү механизаторлору «Айдоо Фест 2026» чемпионатында күч сынашат
09:05
41 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
4 мин
Личный интерес
Школа Говорухина: Лариса Лужина и Сергей Баталов об изнанке легендарного кино
10:05
38 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
ШКУ өлкөлөрүндө айлана-чөйрөнү коргоо маселелерине кандай көңүл бурулат?
11:04
25 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Эми курулуш лицензиясын 1 эле күндүн ичинде алууга болот — лицензиялардын баасы канча?
11:31
25 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
Бишкек и Санкт-Петербург перешли от слов к реализации масштабных дорожных карт
12:05
43 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Жеке маалыматтарды коргоо: мыйзамдагы өзгөрүүлөр, жоопкерчилик жана санариптик коопсуздук
13:04
43 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
Передел мира и рождение капитализма — простыми словами
14:05
48 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Ачык кеп
Жол кырсыктарынан коргоо: «КАСКО Эконом» программасынын мүмкүнчүлүктөрү
15:05
41 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Личный интерес
Как научить ребенка отвечать за свой выбор и не бояться ошибок - беседа с психологом
16:04
48 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Туяк
Өнөр жана өмүр: Акимжан Жээнбай тууралуу маек
17:05
40 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Об экономике и не только
c Кубатом Рахимовым
18:06
0 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Тема дня
С Наталией Князевой
20:07
30 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Шаардыктар Ала-Тоо аянтында көңүл ачуулар коопсуз болушун каалайт

© Sputnik / Табылды КадырбековШаардыктар Ала-Тоо аянтында көңүл ачуулар коопсуз болушун каалайт
Шаардыктар Ала-Тоо аянтында көңүл ачуулар коопсуз болушун каалайт - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Сурамжылоого алынган шаардыктардын пикиринде Ала-Тоо аянтында көңүл ачууга сунушталуучу кызматтар ойлонулган жана коопсуз болушу керек.

БИШКЕК, 16-апр. — Sputnik. Sputnik редакциясы "Аптанын суроосу" рубрикасынын алкагында Бишкектин мэриясына Ала-Тоо аянтындагы көңүл ачуу кызматына байланышкан ишкердик азыркы абалында болушу орундуубу деген суроо узатты.

Ошондой эле шаардыктарга велосипеддерди убактылуу тебүүгө берүү, фастфуд жана балдардын оюнчугун сатуу, сүрөткө тартуу боюнча кызматтар канчалык жагат деген суроо берилди.

Нургазы Аматов, журналист:

— Бул сүрөтчүлөр, оюнчук, таттуу сатып жаткандар жана велосипедди акы төлөп тебүүгө берип жаткандар жеке мага тоскоол кылбайт. Аянтта сейилдеп жүргөн студенттер, окуучулар, чет элдик туристтер үчүн эстеликке сүрөткө түшүү, велосипед тебүү жакшы эле мүмкүнчүлүк. Анан калса, булардын баары өз нанына акча таап жатат да. Бирок алардын ушундай ишке уруксат берчү документтери жок эле болуш керек. Муниципалдык жана укук коргоо органдары бул түйүндөрдүн кирешелерине үлүштөш болсо керек, ошон үчүн унчугушпайт. Бул ишмердикти мыйзамдаштырып койгон оң. Себеби кайсы бир суроо пайда болсо, ал мыйзам чегинде чечилиши керек да. 

Олег Задохин, IT-адиси:

— Негизи велосипедге жана ушундай көңүл ачууларга жакшы эле карайм. Бирок шаардын борборунда көңүл ачуу катары велосипед тепкенге чек коюлушу керек. Айрыкча тандем деп аталуучу эки кишилик велосипеддерди тебиш кыйын, тажрыйбасы жоктор деги эле аларды башкара албай калышы ыктымал. Ошон үчүн алар жол коопчулугун пайда кылган абалга көп кабылышат. Андан көрө бул ишкерлер жакын жердеги сейил бактарга көчкөнү жакшы. Анан калса, чын эле алардын бул ишкердикке укугун тастыктоочу документтерин текшерүү керек. Баары мыйзамдуу болуп жатабы? Кудай сактасын, бирок бир кырсык болуп кетсе, ал үчүн эч ким жооп бербейт.

Анастасия Полякова, менеджер:

— Алардын бар-жогу мага баары бир, башкысы, баары коопсуз болсо болду. Бирок кээде машина менен кетип бара жатып тандемде отургандар дөңгөлөгүңдүн астына кирип кетпесе экен деп карайсың. Ала-Тоо аянтында балдар да көп, аларга да сак болуш керек. Өйдө карай учкан бир чыгырык оюнчук бар, балдар ошону карайм деп, жолго да чыгып кетиши мүмкүн. Мэрия, мүмкүн, аянтка тосмолорду коюп же кечинде элдер эс алышы үчүн аянтта унаа кыймылын такыр эле токтотуу жөнүндө ойлонушу керек. Анда маселе өзүн өзү чечилмек.

Жоомарт Сапарбаев, Жогорку Кеңештин депутаты:

— Велосипеддер менен аны тепкендер айдоочуларга бардык жерде жана дайыма маселе жаратып келет. Бирок велосипед, жок дегенде, ден соолукка пайда. Болгону, алар өз кызматын канчалык мыйзамдуу сунуштап жатаканын текшерүү керек.

Айгерим Исабекова, студент:

— Мага биздин Ала-Тоо аянтында эс алган жагат. Жөн эле ары-бери баспай, велосипед тээп, балдар менен ойногон жакшы да. Бирок досум экөөбүз велосипед алсак, аянттын өзүндө эмес сейил бакка барып тепкенге аракет кылабыз. Ал жак коопсузураак. Мэрия аталган жерди эс алуучуларга да, айдоочуларга кантип ыңгайлуу кылып берүүнү ойлонсо болмок. 

Жаңылыктар түрмөгү
0