БИШКЕК, 16-апр. — Sputnik. Кээ бир ректорлордун каршы болгонуна карабастан, окуу жайларды оптималдаштырыла турганын вице-премьер-министр Дамира Ниязалиева жогорку окуу жайлардын жетекчилери менен жолугушууда билдирди.
Анын айтымында, мамлекет жогорку окуу жайларды колдоого даяр. Өз кезегинде жогорку окуу жайлар ата мекендик билим берүүнү экспорттоого мүмкүнчүлүк алат. Окуу жайлардын материалдык-техникалык базасын жана окутуучулардын курамын жакшыртуу аркылуу билим берүүнүн сапаты менен деңгээлин көтөрүүгө болорун айткан Ниязалиева, анын арты менен Кыргызстандын имиджи жакшырарын кошумчалады.
Жолугушууда билим берүү тармагына инвестиция тартуу маселеси да талкууланды.
Былтыр Билим берүү жана илим министри оптимизациялоонун жыйынтыгы менен өлкө боюнча 18ден ашпаган жогорку окуу жай каларын билдирген.
Учурда республиканын аймагында 52 жогорку окуу жай бар. Алардын 31и мамлекеттик болсо, 21и жеке менчик.