БИШКЕК, 13-апр. — Sputnuk. Ташкент менен Москва "Ислам мамлекети" террористтик уюмунун коркунучуна каршылык көрсөтүү үчүн тыгыз кызматташтыкты жөнгө салышты деп билдирди журналисттерге дүйшөмбү күнү Ташкентте саясат таануучу жана Өзбекстандын президентинин мурдагы кеңешчиси Рафик Сайфуллин.
РФтин Коргоо министринин орун басары Анатолий Антонов ишемби күнү РИА Новости менен болгон маегинде Афганистандын түндүгүндө абалдын чыңалышы жана анын Борбордук Азияга ооп кетүү мүмкүнчүлүгү Россияга жана анын шериктештерине коркунуч жаратат деп билдирген эле. Ал "Ислам мамлекети" Афганистандагы кырдаалга таасир бере ала турган факторго айланып бара жатканын белгилеген.
"Эгер "Ислам мамлекети" кайсы бир кадамдарды жасоого атынып бара турган болсо, ага каршы дароо эле Россия менен биргелешкен чаралар көрүлөт. Мындай кырдаалдарга жол бербөө үчүн бизде тыгыз кызматташтык жөнгө салынды", — деди Сайфуллин.
Анын айтымында, республикада ИМдин коркунучун объективдүү баалашат. "Өзбекстанда бул коркунуч көз жаздымында калган жок. "Ислам мамлекети" республиканын жерине басып кирбеши үчүн Өзбекстандын атайын кызматтары эң чечкиндүү чараларды көрүп жатат деп мен ишендире алам", — деп баса белгиледи саясат таануучу. Биринчиден, "Ислам мамлекетинин" таасирин алдын алуу үчүн жаштар арасында профилактикалык иш жүрүп жатат. Экинчиден, террористик уюмдарга тиешеси бар жана алар аркылуу акча таап жаткандар катуу көзөмөлгө алынган. Үчүнчүдөн, эгер "Ислам мамлекетине" кошулуп кеткендер кайра Өзбекстанга кайта турган болсо, Европадан айырмаланып, алар "босогодон эле" камакка алынат деп чечмеледи саясат таануучу. "Аларды тосуп алууга Өзбекстанда "бөтөнчө" программа бар экендигине ишендире алам", — деп баса белгиледи Сайфуллин.
"Ислам мамлекети" террористтик уюму Сирия менен Ирактын өзү басып алган жерлеринде өткөн жылдын жайында "халифат орнотулду" деп жарыялаган жана өз жерин кеңейтүүгө умтулуп келет. "Ислам мамлекети" Сириянын аймагында мамлекеттик күчтөргө каршы аракеттердин жүрүшүндө абдан чоң күч топтоп, эң ырайымсыз деген атка конгон. Согушчандардын аракеттеринин натыйжасында бир нече миң карапайым тургун каза таап, жүз миңдеген адамдар качкынга айланып, дагы бир нече миңи барымтада жатат.