Ош шаарында нөшөрдөн улам каптаган сел бир топ түйшүк жаратты

© Фото / пресс-служба МЧС КРОш шаарында нөшөрдөн улам каптаган сел бир том машакатты жаратты
Ош шаарында нөшөрдөн улам каптаган сел бир том машакатты жаратты - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ош шаарында 7-апрелде саат кечки алтыдан сегизге чейин мөндүр аралаш жааган катуу нөшөрдүн кесепетинен Ош шаарынын аймагында сел жүрүп, бир топ материалдык чыгым алып келди.

БИШКЕК, 8-апр. — Sputnik. Ош шаарында 7-апрелде  турак үйлөрдү, социалдык объектилер менен жеке жер тамдарды, мектеп аянтчаларын каптаган селдин кесепеттери жоюлуп, жер төлөдөгү калган суулар сордурулуп жатат. Бул туурасында ӨКМдин маалымат катчысы Абдышарип Бекилов маалымдады.

Шаарда 7-апрелде кечке маал эки саатка жакын жааган мөндүр аралаш катуу нөшөрдүн кесепетинен калаа аймагында сел жүрүп, бир топ көп кабаттуу үйлөрдүн биринчи кабаты менен жер төлөлөрдү суу каптаган. 

© пресс-служба МЧС КРОш шаарындагы нөшөр
1/3
Ош шаарындагы нөшөр
© пресс-служба ЖК КРОш шаарындагы нөшөр
2/3
Ош шаарындагы нөшөр
© Фото / пресс-служба МЧС КРОш шаарындагы нөшөр
3/3
Ош шаарындагы нөшөр
1/3
Ош шаарындагы нөшөр
2/3
Ош шаарындагы нөшөр
3/3
Ош шаарындагы нөшөр

Бир катар үйлөрдүн ортосундагы тосмо дубалдары урап түшүп, бирок, андан зыян тарткандар болгон жок. 

Сел шаардагы мектеп-гимназиянын спорт аянтчасын, жеке нотариалдык конторанын жертөлөсүн, трансформатордук подстанцияны да каптаган.

Кырсыкка кабылган турак үйлөр менен бейтапканалардагы сууну Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин түзүмдүк бөлүктөрү шаардын тургундары менен биргеликте атайын техника жана суу сордуруучу шаймандары менен тазалады. 

Ош шаарындагы жол 4 метр тереңдикке чөгүп кетти
Жалпысынан турак жайларды, социалдык объектилерди суу каптап кеткендиги боюнча ӨКМдин "166" диспетчердик кызматына жана аталган министрликтин Ош шаары боюнча башкармалыгына 44 кайрылуу болгон.

Суудан тазалоо иштерине Ош шаарынын коммуналдык-техникалык кызматынын жана ӨКМдин Ош шаардык өрткө каршы кызматынын атайын техникалары жеринде суу сордуруу иш-чараларын жүргүзүшүп, ӨКМдин Куткаруу кызматынын өздүк курамы жана Республикалык өзүнчө куткаруу отрядынын куткаруучулары катышты. Андан сырткары мэриянын өкүлдөрү, 24 аскер кызматкери жана шаардагы мекеме-уюмдарынын башчылары, штаб башчылары чыгышты. 

Ош шаардык ооруларды алдын алуу жана санитардык эпидемиологиялык борборуна 2015-жылдын 8-апрелинен баштап суу каптаган аймактарда жугуштуу оорулардын алдын алуу үчүн залалсыздандыруу иш-чараларын жүргүзүү тапшырмасы коюлду. 

Шаардын Жарандык коргонуу боюнча комиссиясынын төрт топко бөлүнгөн курамы тарабынан суу каптаган аймактарга жеринде иликтөө иштерин жүргүзүшөт. ӨКМдин маалымат катчысы Абдышарип Бекилов канча үйдү сел каптаганы, канча дубалдар урап түшкөндүгү жана келтирилген жалпы чыгым такталып жаткандыгын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0