00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
3 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
7 мин
Күн башат
Кыргызстандын аскердик билим берүү системасы: бүгүнкү абал жана өнүгүү багыттары
13:08
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
Как Запад формирует новые смыслы на Евразийском пространстве — беседа с экспертом из Иойшкар-Олы
14:04
55 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Ачык кеп
Жеке мектептерге лицензия эми толугу менен онлайн берилет — убакыт жана чыгым үнөмдөлөбү?
15:04
48 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
4 мин
Максимальный репост
Под куполом перемен: чем удивляет обновлённый цирк Бишкека
16:05
49 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
6 мин
Туяк
Окумуштуу, дарыгер, академик: Санжарбек Данияровдун ишмердиги
17:07
50 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
«Биримдик кербени» — ценность и бережное отношение к воде в регионе станет символом ВИК-2026
18:07
44 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Спортбокс
Спорттук психология — машыктыруучу менен спортчунун мамилеси кандай болушу керек?
19:06
42 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Жеке мектептерге лицензия эми толугу менен онлайн берилет — убакыт жана чыгым үнөмдөлөбү?
21:04
48 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Аманкулов шаар депуттары шапар теппегенин айтып, ЖМКны сотко берээрин билдирди

© Sputnik / Табылды КадырбековОпера жана балет театрынын сахнасы. Архив
Опера жана балет театрынын сахнасы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бишкек шаардык кеңештин төрагасы Марат Аманкулов шаардык кеңештен депутаттары театрдын сахнасында шапар тээп жүрөт деген маалымат калп экенин айтууда.

БИШКЕК, 24-мар. — Sputnik. Жергиликтүү ЖМКлар 23-март күнү кечинде Опера жана балет театрынын сахнасында шаардык кеңештин депутаттары менен ишкерлер шапар тээп, сахнага дасторкон жайып майрамдаганын жазып, сүрөттөрүн жайгаштырган. Алардын арасында Бишкек шаардык кеңештин төрагасы Марат Аманкуловдун бар экенин маалымдашкан.

Бишкек шаардык кеңештин төрагасы Sputnik сайтынын кабарчысына ЖМКларга чыгып кеткен маалыматтар жалган экенин, Бишкек шаардык кеңештин депутаттары балет театрында кече өткөрүп жатат деген маалыматты угуп таң калганын билдирди.

"Мен дагы бир жолу айткым келет, шаардык кеңештин депутаттары, анын ичинен мен эч кандай кече уюштурган эмеспиз. Ал жакта болгон да эмеспиз. Бул ушактын деңгээлиндеги маалымат. Кабарды чыгарардын алдында аны текшериш керек, эгер биздин болгонубузду тастыктай турган сүрөттөрү болсо аны жарыялаш керек", — деди ал.

Сайтка чыккан сүрөттөрдө шаардык кеңештин бир дагы депутаты жок экенин айткан Аманкулов ал жакта жалаң жаштар экенин кошумчалады.

Шаардык кеңештин төрагасы эгер мындай туура эмес маалыматты тараткан тарап, кечирим сурабаса же, ошол жакта депутаттардын болгонун тактаган сүрөттөрдү көргөзбөсө аларды сотко бере турганын айтат.

Учурда шаардык кеңеш тарыхый имараттын сахнасында мындай кечелерди уюштурууга ким уруксат бергенин териштирип жатканын айтты.

Абдылас Малдыбаев атындагы Опера жана балет театрынын директору Тимур Саламатов ал жетектеген жайда кече болбогонун Sputnik сайтынын кабарчысына билдирди.

"Кечээ министрликте иш-чара болуп, мен жумуштан эрте кеткем. Азыр театрда кече өткөрүштү деген маалыматты тактадым, ал жакта кече болбоптур. Орун басарым Ишенбек Мамбетов туугандарым келет эле, сүрөткө түшүп алалы дегенинен аларга уруксат бергем. Сүрөткө түшсө эки үч кадр тартып кете берсин дегем", — деди ал.

Саламатов ошондой эле, театрда кече өткөрүүгө эч ким уруксат бербегенин айтып, ал жакта ролдук съемкалар тартылганын кошумчалады.

Опера жана балет театрынын аткаруучу директору Ишенбек Мамбетов 23-мартта театрда кишилер болгонун танбайт. Анын айтымында, ал жакта фото сессия болгон.

"Кечээ, театрдын ичинен фото сессия кылабыз деп жарым саатка уруксат сурап кайрылышкан. Биз уруксат бергенбиз. Фото сессия учурунда алар 15-20 мүнөткө кофе брейк кылып жиберишиптир, азыр кофе брейк эмес эле чоң тасмал жайылганын айтып жатышат. Алар бизге кофе брейк болот деп маалымдашкан эмес", — деди ал.

Мамбетов фото сессия кылабыз деп келгендер театрга жардам берип, демөөрчү болуп жүргөн кишилер экенин кошумчалады.

Ал эми Маданият, маалымат жана туризм министрлиги театрда уюштурулган иш-чара бардык этикалык, нравалык нормаларага каршы келип, уюштуруучулардын да, катышуучулардын да өтө төмөн деңгээлин айгинелей турганын маалымдады.

Учурда министрлик тарабынан иштин чоо-жайы аныкталууда. Жыйынтыгы менен театр жетекчилигине карата эң катаал чаралар көрүлөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0