БИШКЕК, 21-мар. – Sputnik. Нооруз майрамын Ош шаарындагы Амир-Темур аймактык кеңеши да белгилеп, ага жергиликтүү жашоочулар активдүү катышты.
Майрамдык программанын алкагында улуттардын ар кыл тамак-аштарынын көргөзмөсү уюштурулуп, улуттук каада-салттар көрсөтүлүп, элдик ыр-бийлер аткарылды.
Майрамдык иш-чарага Ош шаарынын вице-мэр Кутманалы Абдырахман уулу, шаардык коргонуу жана тартип сактоо бөлүмүнүн жетекчиси Турсунай Айтматова, шаардык кеңештин депутаттары, аксакалдар жана шаар тургундары катышты.