БИШКЕК, 17-мар — Sputnik. Өлкө башчысы Алмазбек Атамбаев кол койгон буйрукка ылайык, Нурлан Дюшембиев КР башкы прокурорунун орун басары – аскер прокурору болуп дайындалганын президенттин маалымат кызматы билдирди.
Нурлан Дюшембиев Нарын облусунун прокуратурасын жетектеп келген.
Аскердик прокурор кызматын буга чейин Марат Эшперов ээлеген. 13-марттага Атамбаевдин буйругу менен башкы прокурордун үч орун басары – Марат Эшперов, Темирбек Бекмаматов жана Уланбек Халдаров кызматтан алынган.
Башкы прокурордун биринчи орун басары болуп Жалал-Абад облусунун мурдагы башчысы Кылычбек Токтогулов дайындалган.