БИШКЕК, 14-мар — Sputnik. Президент Алмазбек Атамбаев КР башкы прокурорунун биринчи орун басарлыгына Кылычбек Токтогуловду дайындагандыгы тууралуу буйрукка кол койду. Бул туурасында, президенттин маалымат кызматынан кабарлашты.
2015-жылдын 13-мартында президент Атамбаев Кыргызстандын башкы прокурорунун үч орун басарлары – Темирбек Бекмаматов, Марат Эшперов жана Уланбек Халдаров ээлеген кызмат ордунан бошоткон.
Токтогулов буга чейин Жалал-Абад облусунун прокурору болуп иштеген, аталган кызматка аны 2012-жылдын 21-февралында баш прокурор Аида Салянова дайындаган.