БИШКЕК, 16-фев — Sputnik. Чоң Чүй каналынан жаңы төрөлгөн ымыркай кыздын сөөгүн тапкан куткаруучулар, аны райондук милицияга өткөрүп беришкенин ӨКМнын маалымат кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, 15-февралда Кант шаары жактан Чоң Чүй каналында жаңы төрөлгөн ымыркай кыздын денесин куткаруучу-суучулдар сууда калкып келе жаткан жеринен чыгарып, Ысык-Ата райондук ички иштер кызматкерлерине өткөрүп беришкен.
Учурда аталган иш боюнча ыкчам аракеттер көрүлүүдө.