Эки баласын өлтүргөн эне тууралуу шаардык милиция билдирди

© Sputnik / Владимир Песня / Медиабанкка өтүүЫмыркайдын колу. Архив
Ымыркайдын колу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Шаардык милиция Бишкектин жаңы конуштарынын биринде аялдын эки жаш баланы өлтүрүп салгандыгы тууралуу маалымат таратты. Кылмышка шектелип кармалган аял балдардын энеси болуп чыкты.

БИШКЕК, 16-фев. — Sputnik. Бишкектеги жаңы конуштардын биринде балдарды өлтүрдү деп шектелген аял кармалды деп билдирди шаардык милициядан. 

ШИИБдин нөөмөт бөлүмүнө 15-февраль күнү, саат 11.30дарда ШИИБге Арча Бешик жаңы конушунда энеси эки жаш баласын өлтүргөндүгү боюнча маалымат келип түшкөн. 

Милиция окуя болгон жерге барганда үйдөн кыйнап өлтүрүлгөн белгилери бар, 3 жашар эрекек баланын, 4 жашар кыз баланын өлүктөрү табылып, кылмыш болгон жерден ашкана бычагы табылып алынган.

Кылмыштын себебин иликтөө үчүн соттук-медициналык экспертиза иштеп баштады. Алдан ала маалыматтарга караганда, кылмышка шектелип жаткна балдардын энеси 1981-жылы Балыкчы шаарында туулган.

Жаңылыктар түрмөгү
0