БИШКЕК, 10-фев — Sputnik. Өзбек чек арачылары кыргызстандык жаранга таандык болгон 19 баш бодо малды дүйшөмбү күнү ээсине тапшырышты. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынын маалымат кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, 9-февралда Жалал-Абад облусунун Аксы районундагы Сазык аймагынан Кыргызстан менен Өзбекстандын чек арачылары жолугуп, 6-февралда коңшу мамлекеттин аймагына жайылып кеткен 19 баш бодо малды өзбек чек арачылары кайтарышты.
Жалал-Абад чек ара отрядынын кызматкерлери сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, жыйынтыгында мал ээсине кайтарылган.
Буга чейин бир үйүр жылкыны коңшу мамлекеттин аймагына айдап өтүүгө аракет кылган өзбек жарандары кармалган. Андан кийин да бодо малды Өзбекстандын аймагына айдап өтүүгө аракет кылган эки кыргызстандык жаран кармалган болчу.