Депутаттар балдарга көрсөтүлгөн зомбулук боюнча эми коңгуроо кагууда

© Sputnik / Владимир Песня / Медиабанкка өтүүАрхив: балдарды коргоо
Архив: балдарды коргоо - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Депутаттар балдарга жасалган зомбулуктун арбып кетишинен улам, коомдук угуу өткөрүп, балдарды коргоого ала турган мамлекеттик программа кабыл алууну демилгелеп жатышат.

БИШКЕК, 15-янв — Sputnik. Депутаттар өлкөдө жаш балдардын үрөй учурган зордук-зомулукка учурап жаткандыгын жоюу, алдын алуу боюнча атайын программа иштеп чыгуунун жана өкмөттүн бул жаатта иш-чараларды жүрүгүзүү зарылдыгын айтышууда. 

Праздник Солнечный круг для детей психоневрологической больницы - Sputnik Кыргызстан
Атамбаев балдарга зомбулук көрсөткөндөргө катуу жаза колдонулушу керектигин айтты
ЖКнын бүгүнкү жыйынында депутат Ыргал Кадыралиева кичинекейлердин зордук-зомбулукка кабылышы боюнча Өкмөттүк күн өткөрүүнү, ал эми вице-спикер Асия Сасыкбаева атайын мамлекеттик деңгээлде программа кабыл алуу зарылдыгын сунуштады.

Кадыралиева кечээ жакында ур-токмоко алынып, ал тургай зордукталган болушу мүмкүн деген да шектенүү айтылган, эсине келе албай жаткан 2 жашар баланын мисалында, мындай учурлар барган сайын арбып бара жатканынан коңгуроо какты.

"Үрөйдү учурган мындай фактыларга олуттуу мамиле жасап, Өкмөттүк күн өткөрүп, тиешелүү чараларды көрүү зарыл", — деди эл өкүлү Кадыралиева.

Депутаттар Турсунбай Бакир уулу менен Ширин Айтматованын балдарды коргоо боюнча демилгелери дээрлик жоктугун, бул жаатта олуттуу иштерди жасоого мезгил келгендигин айтышты.

Вице-спикер Асия Сасыкбаева акыркы болуп жаткан фактылар балдарга карата камкордук чараларын күчөтүү зарылдыгын даги бир ирет көрсөткөндүгүн айтты. 

"Биз балдарга билим эле эле эмес, татыктуу таалим-тарбыя да беришибиз керек. Өкмөт бул багытта тезинен атайын программа иштеп чыгып, ырааттуу иш алып барууга тийиш", — деди Сасыкбаева.

Ал эми социалдык тармактарда юристтер, укук коргоочулар жана журналисттер чогулуп, бул боюнча маселени коомчулукка алып чыгып, иштиктүү чараларды жасоону демилгелеп жатышат.

Кичинекейлерге зордук-зомбулук көрсөткөн учурлар акыркы учурда улам арбып келет. Мындан бир нече күн мурда эки жашар бөбөк денесинде тамтыгы жок жаракаттары менен Бишкек шаардык №3 балдардын клиникалык ооруканасына түшкөн. Учурда наристе эси-учуна келе албай клиниканын кайра жандандыруу бөлүмүндө жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0