Илимди реформалоо боюнча Концепциянын талкуусу бүтпөй жатат

© Sputnik / Мамадалиев / Медиабанкка өтүүАрхив: Улуттук илимдер академиясы
Архив: Улуттук илимдер академиясы - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Улуттук илимдер академиясынын президенти Абдыганы Эркебаев илимди реформалоо боюнча Концепцияда алардын пикири эске алынбай калгандыгын айтып, анын азыркы турушуна макул эместигин билдирди.

БИШКЕК, 4-фев — Sputnik. Кыргызстандагы илимди реформалоо боюнча Концепциянын азыркы иштелип чыккан долбооруна Илимдер Академиясы макул эмес. Бул туурасында аталган тема боюнча вице-премьер-министр Дамира Ниязалиеванын жетекчилиги менен өткөн кереге кеңеште Улуттук илимдер академиясынын президенти Абдыганы Эркебаев чыгып айтты.

"Концепциянын бул турушуна, азыркы долбооруна макул эмеспиз. Түпкүрүндө илимдин, академиянын реформасына макулбуз, мисалы, өзүн актабаган бөлүмдөрдү, түзүмчөлөрдү жоюш туура, шартка жараша иш кылыш керек. Муну биз деле баштап жатканбыз. Кийин биз эки ирет ири сунуш киргизген элек, ал толук камтылбай калыптыр. Биз Концепцияны пункттар боюнча карап чыгуу сунушун киргиздик, аны жыйындын акырында туура көрүшүп, макул дешти. Эми ар бир пункт боюнча карап чыкмай болдук", — деди Эркебаев Sputnik маалымат сайтынын кабарчысына. 

Кыргызстандагы илимди реформалоо туурасында демилге көтөрүлүп, бул боюнча атайын Концепция иштеп чыгуу каралган. Бул боюнча премьер-министрдин буйругу менен 2014-жылдын 7-октябрында жумушчу топ түзүлгөн. 

Өткөн жылдын август айында президент Алмазбек Атамбаев илимди реформалоо боюнча эксперттерди пикирлерин угуп, сунуштарын колдоп, жакынкы арада аны иштеп бүтүп, ишке ашырууга киришүү зарылдыгын белгилеген. 

Ал эми декабрдын аягында ошол кездеги вице-премьер-министр Эльвира Сариеванын жетекчилиги астында илимди реформалоо боюнча жумушчу топтун жыйынын өткөрүп, бардык сунуштарды кабыл алууга зарылдыгын айткан.

"Илим системасын реформалоонун Концепциясы — илимди реформалоо боюнча өздөрүнүн ой-пикирлери жана сунуштарын бөлүшкөн адистердин түйшүктүү ишинин жыйынтыгы. Концепция ишке ашып, сиңип кетиши үчүн, жарандык сектор менен бейөкмөт уюмдар тарабынан айтылган бардык сунуштарды, пикирлерди эске алуубуз зарыл", — деп айткан ал кездеги вице-премьер.

Эркебаев Концепциянын долборунун бул сапаркы талкуусу үстүртөн болгондугун, андыктан, документти жакынкы аптада ар бир пункту боюнча талкуулап чыга тургандыктарын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0