Турнирге Түркмөнстан, Таиланд, Монголия, Эстония, Россия, Казакстан, Кытай, Өзбекстан, Тажикстан жана Кыргызстандын спортчулары катышты.

Кааба уулу Кожомкул атындагы спорт ордосунда бокс боюнча эл аралык турнир өттү.

Финалдык беттешке Кытай мамлекетинин да спортчулары чыкты.

Беттештин катышуучулары үчүн 10 алтын, 10 күмүш жана 20 коло медаль даярдалган.

Рингге чыгуу алдындагы машыгуу.

Калыстар оюндун жүрүшүнө көз салды.

Биринчи раундда мушкерлер ачык чабуулга өтпөстөн, бири-биринин сырын билүүгө ашыгат.

Ар бир раунд үч мүнөткө созулат.

Ар бир раунд аяктагандан кийин мушкерлер 10 секунд эс алышат.

Беттеш учурунда мушкерлерди медиктер да карап турат.

Бокстагы соккулар абдан опурталдуу.

Машыктыруучулар кандай сокку жасоо керектигин дайыма айтып турат.

Финалдык раунд чечүүчү болгондуктан, мушкерлер соккуларын тездетип, упай топтоого аракет кылышат.

Жеңүүчү топтогон упайлары же каршылашын нокаутка чабуу аркылуу тандалат.

Жеңүүчүлөрдү сыйлоо аземи.